Айдоочулардын айыптарын төмөндөтүү жөнүндө мыйзам өкмөткө жөнөтүлдү
Новость www

POST1RIGHT Айрым жол эрежелерин бузуу үчүн айыптарды төмөндөтүү жөнүндө мыйзам долбоору өкмөттүн кароосуна жөнөтүлдү. 

Ички иштер министрлигинин  маалыматында, министрлер кабинети сунушталган документти колдоого алса, анда 3 миң сомдук айыптар 1 миң сомго түшүрүлөт. 

Алар жол белгилерине жана чийиндерине баш ийбөө, аялдама эрежелерин бузуу, аралыкты сактабай коюу, стоп-чийинден ашып кетүү сыяктуу бузууларга тиешелүү. 

Мыйзам долбоорун иштеп чыгууда айдоочулардан түшкөн арыздар жана сунуштар эске алынды.