Акыркы суткада өлкө аймагында канча өрт чыкканы белгилүү болду
Новость

POST1RIGHT

Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 8 өрт кырсыгы катталды. Өрттөрдү өчүрүүгө 9 бөлүм жөнөтүлгөнүн ӨКМдин басма сөз кызматы бүгүн билдирди. 

Ошондой эле куткаруучулар 4 чакыруу боюнча барып, жардам көрсөтүшкөн.

Сокулуктагы Новопокровка айылында турак үйдүн, сарайдын, мончонун чатыры жана тоют чөп өрттөндү. Алдын ала маалыматтар боюнча, адамдар жаракат алган жок. Өрттүн себеби белгисиз.