POST1RIGHT
Ушул жылдын сегиз ай аралыгында Президенттин атына жарандардан 10126 кайрылуу келип түштү. Алардын 7726си жазуу жана электрондук түрдө, 693 жаран «Ишеним телефондору» жана кызматтык телефондору аркылуу кайрылган. Ошондой эле, 1190 жаран коомдук кабылдамаларда кабыл алынса, 353 жаранга коомдук кабалдамаларда маалыматтык-укуктук кеңештерди алган.
Мындан сырткары, Биринчи радионун «Биринчи кабылдама» берүүсүнүн «түз эфири» аркылуу кайрылган жарандардын саны - 164 түздү. Жазуу жүзүндөгү кайрылуулардын эң көбү Бишкек шаарынын тургундарынан түшкөн, андан кийин Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Ош облусу, Ош шаары, Нарын облусу, Баткен жана Талас облусунун жарандарынан келген. Ошондой эле КМШ жана башка өлкөлөрдөн 181 кайрылуу келип түшкөн.
Кайрылуулардын басымдуусу, тагыраагы 43,7 пайызы сот жана укук коргоо органдарынын ишине тиешелүү. Аткаруу бийлиги, жергиликтүү бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иши менен байланышкан кайрылуулардын саны да арбын. Президенттин жана анын Аппаратынын атына келип түшкөн кайрылуулардагы маселелердин көпчүлүгү талдоо көрсөткөндөй жергиликтүү деңгээлде жергиликтүү бийлик тарабынан чечилчү маселелер жана
Мамлекет башчысынын түздөн-түз кийлигишүүсүн талап кылбайт. Бирок, алардын иши канааттандыраарлык эмес болуп жаткандыктан, алар аргасыздан Мамлекет башчысына кайрылып жатышкандыгын көрсөтөт. Келип түшкөн 7726 кайрылуулардын 6228и көзөмөлгө алынып, алардын 5643ү мөөнөтүндө аткарылды, ал эми 585и мөөнөттөрүнө ылайык аткарылууда.
Калган 1498 кайрылуу маселелеринин тиешелүүлүгүнө жараша мамлекеттик жана өз алдынча башкаруу, сот жана укук коргоо органдарынын кароолоруна жиберилип, жыйынтыктары боюнча жарандарга тийиштүү жоопторду жана түшүндүрмөлөрдү берүү иштери жүргүзүлдү. Жүргүзүлгөн талдоого ылайык, 2019-жылдын 8 айында кайрылуулардын саны өткөн жылга салыштырмалуу 8,8%га азайган.