POST1RIGHT
Үнүн президентке жеткиргиси келген жарандардын саны сегиз айда 10 миңден ашты. Бул аралыкта түрдүү багытты камтыган кайрылуулар келип түшкөн. Кыргызстандыктар мамлекет башчысына соттордун жана укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгү тууралуу, жер бөлүштүрүүгө байланыштуу, социалдык-экономикалык жана башка көп маселелер боюнча кат жазышкан.
Жумгал районунун жашоочусу Айнура Бердикеева сот тутумундагы адилетсиздиктен улам айласы кеткенде Бишкекке чейин келип, президенттин наамына кат жөнөтүп отурат. Ал райондогу музей жетекчилигинен мыйзамсыз айдалып, куугунтукка алган тарап менен соттошуп, бирок маселе чечилбей жатканын айтат.
Кайрылуулар көп түрдүү, кээ бирлер жергиликтүү бийлик органы чече турган маселени көтөрсө, жакшы кабар айтып келгендер да кездешет.
Өлкө жарандары Сооронбай Жээнбековго турмуш-тиричиликте кабылган бардык маселелери тууралуу кат жөнөтүшкөн. Алардын көбү аткаруу бийлигинин органдарынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу.
Аткаруу бийлигине тиешелүү кайрылуу болсо 2 миңден ашат. Талдоо көрсөткөндөй бийлик бутактары тарабынан чечилчү маселелер мамлекет башчынын кийлигишүүсүн талап кылбайт. Жазылган кат-кабардын баары Президенттик аппараттын жарандардын кайрылууларын кабыл алуучу бөлүмү топтоп, баары электен өткөрүлөт.
Кыргызстандыктар Президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуунун жол-жобосун билип, кат жазса болот.
Жалпы алганда бийлик түзүмдөрүнүн иши канааттандырарлык эмес болуп жаткандыктан, алар аргасыздан мамлекет башчыга кайрылып жатышканын көрсөтөт. Президент аймактардабы же шаар жериндеби эл менен жолугуп, элдин үнүн угуп келет. Андай учурларда дагы суроо, каттар келип, аларды Президенттин аппараты көзөмөлгө алат.