Президент Сооронбай Жээнбековдун Ысык-Көл облусуна иш сапары
Новость Султан Досалиев

POST1RIGHT

Негизи Кыргызстан Борбордук Азия мамлекеттеринин ичинен таза абасы, тунук суулары менен айырмаланып, экологиялык жактан жагымдуу маанай тартуулап турат. Албетте, мындай таза климатта даамдуу мөмө-жемиштерди өстүрүп, калк дасторконуна коюуда элеттиктер бардык мүмкүнчүлүгүн пайдаланып келишет. 

Президент Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл областына болгон иш-сапарында аймактардагы демилгелүү адамдарга ар тараптан колдоолорду көрсөтүп, финансы-кредиттик саясатты, бюджеттик каражаттарды аймактарга буруу мамлекеттик саясаттын бир бөлүгү экендигин баса белгиледи. Аймактагы таза суу маселесине да башкы көңүл бурулду. 

Таза суу-таза продукт ажырагыс бир бүтүндүк эмеспи. Андан да кызыгы өз жемишин берип жаткан “Бир айыл-бир продукт” долбоору кыргыз кыртышына терең ыңгайлашканын көрүүгө болот. Негизинен эле Япония мамлекетинин Жайка уюмунун техникалык жардамдары аркылуу каржыланып жаткан “Бир айыл-бир продукт” долбоору жалпы өлкөбүздүн аймактарына кеңири жайылтылса максатка ылайык болмок.