ЮНЕСКО өкүлдөрү Кыргызстанды Сулайман-Тоонун абалына көңүл бурууга чакырууда
Новость www

POST1RIGHT

Сулайман- Тоонун айланасындагы мыйзамсыз курулуштар жөнгө салынбаса аны ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесинен чыгарып салуу маселеси жаралат. 

Бул тууралуу ЮНЕСКО иштери боюнча Кыргызстандагы Улуттук комиссиянын жооптуу катчысы Сабира Солтонгелдиева биздин каналга билдирди. Анын айтымында, эл аралык уюмдун өкүлдөрү өлкө Сулайман-Тоонун абалына көңүл буруусу керектиги туурасында коңгуроо кагууда.