Абылгазиев «Кумтөр» кенинин ишмердүүлүгү менен таанышты
Новость KTRK/videograp

POST1RIGHT

Мамлекет "Кумтөр" кенинин экологиялык коопсуздугун жана туруктуу иштөөсүн камсыз кылуу үчүн үзгүлтүксүз иш алып барууда. Бул тууралуу премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев комбинатка барып, кендеги жумушчулар менен жолуккан учурда билдирди.

Өкмөт башчы иши сапарынын алкагында «Centerra Gold» компаниясынын президенти Скотт Перри менен бирге оор техникалар колдонулган карьерди көрдү, ошондой эле алтын өндүрүүчү фабрикага барды.

Премьер-министрди жашоо шарттар жана өндүрүш процесси, геологиялык-изилдөө иштеринин жүрүшү менен тааныштырышты. Мухаммедкалый Абылгазиев ошондой эле калдык сактоочу жерди көрүп, калдык сактоочу дамбага мониторинг кыла турган система менен таанышты.

Мындан тышкары, Өкмөт башчы компаниянын жумушчулары менен жолугушуп, алардын суроолоруна жооп берди. Мухаммедкалый Абылгазиев ишкананын натыйжалуу жана туруктуу иштөөсүн камсыз кылуу жаатынан алып караганда, өкмөт менен «Centerra Gold» компаниясынын ортосунда түзүлгөн жаңы Стратегиялык макулдашуу өзүн-өзү актаарын баса белгиледи.