POST1RIGHT
Кыргызстан бүткүл дүйнөлүк "Дубай ЭКСПО-2020" көргөзмөсүндө болгон дараметин жана мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүш керек. Бул тууралуу Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров көргөзмөгө даярдык көрүү жана катышуу боюнча уюштуруу комитетинин кезектеги жыйынында билдирди.
Катышуучулар өлкөнүн көргөзмөгө катышуусунун Концепциясын талкуулашты. Замирбек Аскаров "Дубай ЭКСПО-2020" - бул өлкөнүн келечеги менен дараметин көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берген аянтча экенин белгиледи.
"Биз бул көргөзмөдө өлкөбүздүн мыкты жактарын көрсөтүшүбүз керек. Биздин күркө улуттук калоритте болушу зарыл. Муну менен Кыргызстан - жаңы өзгөрүүлөргө ачык өлкө экенин айтып тургандай кылышыбыз керек. Биздин маданий мурастарыбыз, салтыбыз тууралуу гана эмес, экономикабыз, инвестициялык климат, туристтик дарамет, IT-чөйрөсү, илим жана билим берүү тууралуу дагы толук маалыматтар болушу керек", - деди вице-премьер-министр.