Нарында бодо малдын моюнуна жарыкка чагылуучу тасма тагуу сунушталууда
Новость KTRK/videograp

Нарында жол эрежелерин сактоо жана мал жандыктары менен байланышкан жол кырсыктарын алдын алуу багытында атайын иш-чаралар өткөрүлдү. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери аймактагы фермерлер менен түшүндүрүү иштерин өткөрүшүп, бодо малдын моюнуна жарыкка чагылуучу тасма тагылды. Бул ыкма бардык малчыларга сунушталды. 

 POST1RIGHT




Нарын району боюнча эки ай аралыгында 6 жол кырсыгы катталып, анын бардыгы тең мал сүзүү фактысы болгон. Натыйжада 8 жылкы өлүп, айдоочулар ар кандай жаракаттарды алышкан.


Малды жолдун жээгине кайтарууга тыюу салынган. Караңгыда да жандыктарды унаа жолу менен айдоого болбойт. Айдоочулардын пикиринде чабандар малды көзөмөлсүз таштабаса.


Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери малды күнү-түнү кароосуз калтырбоону жана моюнуна жарыкка чагылуучу тасма тагууну эскертүүдө.