Көпчүлүк талдоочулар өлкөнүн өз алдынча өнүгүп кетиши күмөн экенин белгилеп, сырттан инвестиция тартууда натыйжалуу иш алып барууга чакырышат. Инвестор рыноктун абалын, салыктардын өлчөмү сыяктуу бир нече жагдайларды талдап көрүп гана чечим кабыл алат. Өкмөт Инвестициялык форумдарда Кыргызстанда иш алып баруунун бир нече артыкчыкчылыктарын санап берүүдө. Узап бара жаткан аптада да чет элдик ишкерлер өлкөгө чакырылды.