POST1RIGHT
Алардын 47 миңи боюнча соттук өндүрүштөр аяктаган. Башкы прокуратура тутум улам жаңыланып жаткандыктан, жер-жерлердеги укук коргоо органдарынын арасында окутуулар токтобой турганын билдирүүдө. Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестри Башкы прокуратуранын көзөмөлүндө. Өлкөдөгү кылмыштуулуктун абалына дал ушул жерден байкоо жүргүзүлөт. Сотко чейинки өндүрүшкө алынган иштердин санын талдасак, ар аймактарда калктын санына жараша статистиканы көрүүгө болот.
Башкы прокуратура Реестр улам жаңыланып, кошумча функциялар ишке киригизилип жатканын билдирүүдө. Эми сот органдарынын, Жазаларды аткаруу кызматынын жана Юстиция министрлигинин маалымат базалары менен байланыш түзүлөт. Буга чейин көптөгөн кылмыш иштери негизсиз кыскарып жатат деп коомчулукта укук коргоо органдарына карата дооматтар айтылып келген.
Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестри мындай алешемдиктерге жол бербөө максатында ишке киргизилген. Көзөмөл органы мындай ишенимди кайсы бир иш тутум аркылуу каттоого алынгандан кийин милиция же дагы башка кызмат адамы өз алдынча токтотуп сала албайт деген жүйөө менен бекемдейт. Бирдиктүү реестр сот-укуктук реформанын алкагында жыл башынан бери иштей баштады. Дал ошол 1-январдан тартып “Кылмыштар менен жоруктардын” кодекси да күчүнө кирген.