Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына ыктыярчылар чакырыла баштады
Новость open.kg

Быйыл, күзүндө өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына ыктыярчылар чакырыла баштады. Бул жолу оюнга келген меймандар менен 700 волонтёр иш алып барат. 

Аларды 3 айдын ичинде тиешелүү адистер окутуп, Көчмөндөр оюндарына даярдай баштады. Ыктыярчылар иш-чаранын ачылыш-жабылыш аземине жардам берет. 

Ошондой эле,  тартылган ыктыярчыларга калыстарга көмөктөшүүдөн тарта, чет өлкөлүк конокторду коштоп жүрүүгө чейинки милдет жүктөлөт.