Өзбек-казак чек арасындагы тыгынга техникалык мүчүлүштүктөр себеп болууда
Новость

POST1RIGHT

Казакстандын «Таджен» жана Өзбекстандын «Дауд-Ата» көзөмөл-өткөрмө бекеттеринин ортосунда жаралган жүк унааларынын тыгынына техникалык мүчүлүштүктөр себеп болууда. Бул тууралуу Өзбекстандын Чек ара кызматы билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматы айдоочуларга кайрылып, өзбек-казак чек арасынан өтүү үчүн башка каттамдарды тандоону өтүндү.

«Казак тарап жакынкы убактарда техникалык мүчүлүштүктөрдү жоёт деп үмүттөнөбүз», - деп билдирди мекеменин басма сөз кызматкери.

Буга чейин өзбек-казак чек арасынын аталган бөлүгүндөгү өткөрмө бекетте 40 жүк унаасы тыгында турганы кабарланган.