Прокурор Илмияновдун пара алганы аныкталганын белгиледи
Новость www

Мамлекеттик айыптоочу Икрамжан Илмияновду жети жарым жылга абакка кесүүнү суранды. Октябрь райондук сотунда өткөн отурумда прокурор Илмияновдун пара алганы аныкталганын белгиледи. 

Айыпталуучу “Дизель комплект” аттуу ишканадан 150 миң доллар пара алган деп кармалган. Кийинки соттук отурум 30-октябрда өтөт. Анда айыпталуучуга акыркы сөз берилээри, өкүм угузулушу мүмкүн.