Бишкектин Аска-Таш жаңы конушуна газ киргизилди
Новость KTRK/videograp

POST1RIGHT

Бишкектин Аска-Таш жаңы конушуна газ киргизилди. Көгүлтүр от алгачкылардан болуп эшик алдына келген тургундарга кызыктуу белек-бечкектер берилди. Ал Биринчи май райондук администрациясынын, “Газпрос Кыргызстан” ишканасынын өкүлдөрү тарабынан тапшырылды.

Аска-Таш жаңы конушунун тургундары үчүн бүгүн кубанычтуу күн. Жай мезгилинен тарта газ киргизүү иши жүрүп, эми тургундар көгүлтүр от үстүнө казан асышты. Айжамал Жумалиева үйүндө уулу жана келини менен турат. Газ келет дегенди угаары менен үйдүн жылытуу тутумун өткөргөн.

Жаңы конушта 1200дөн ашуун түтүн бар. Азыркы кезде 260 үй газдаштырылды. Жергиликтүү элдин бул процесске жай аралашып жатканы тургундардын финансылык каражатынын тартыштыгына байланыштуу. Газ киргизүү чордондун аралыгына байланыштуу 20 миң сомдон өйдө турат. Жергиликтүү бийлик акчасы жок тургундарга жардам берүүнүн жолун тапты.

Бүгүнкү күндө “Газпром Кыргызстан” ишканасы 700 чакырымдан ашуун газ өткөргүчтөрдү орнотуп, 40 миң турак жай көгүлтүр отунга өттү. 2019-жылдын аягына чейин Бишкектин 6 жаңы конушуна жана Чүйдүн 3 айылына газ өткөргүчтөр коюлат. Газ өткөргүчтөрдү орнотуу атайын норма менен ишке ашат. Ал жаңы стандарттардын талаптарына жооп берет.