POST1RIGHT
Бишкекте СССРдин эл артисти Калый Молдобасановдун 90 жылдыгына арналган эл аралык жаш аткаруучулардын сынагы өтүүдө. Ага Казакстандын, Өзбекстандын жана Кыргызстандын жаш өнөрпоздору катышып жатат.
Сынактын катышуучулары фортепиа́но, комуз жана башка аспаптарда ойноп өз өнөрлөрүн тартуулашууда. Иш-чара 4-ноябрда жыйынтыкталып, жеңүүчүлөргө атайын диплом, мактоо баракчалар ыйгарылат.