Тарыхы болбой, эл болбойт
Новость КТРК

POST1RIGHT

Михаил Фрунзенин мемориалдык үй-музейинде “Тарых жана ата-бабаларды эскерүү” күнүнө карата “Кыргыз мамлекетин негиздөөчүлөрүнүн жаркын элесине...” аттуу иш-чара өттү. Анда кыргыз мамлекетин негиздөөчүлөрү Иманалы Айдарбеков, Жусуп Абдрахманов, Абдыкерим Сыдыков жана Баялы Исакеев тууралуу документалдык тасма көрсөтүлдү. Иш-чара концерттик программа менен коштолуп, ага жазуучулар, коомдук ишмерлер, тарыхчылар, мектеп окуучулары жана студенттер катышты.

Зифаргүл Айдарбекова көрүнуктүү саясий жана мамлекеттик ишмер Иманалы Айдарбековтун небереси. “Өткөндөр баркталмайын тирүүлөр даңкталбайт” демекчи, мамлекеттик ишмердин кыргыз тарыхындагы ордун белгиледи.

Бир катар тарыхый окуялардын башын бириктирген 7-8-ноябрда белгилене турган “Тарых жана ата-бабаларды эскерүү” күнүнүн мааниси терең экендигин, жаш муун тарыхты жана ата-бабалардын даңктуу жолун билүүгө тийиш экенин тарыхчылар да айтат.

Эл менен мамлекеттин келечеги өткөн тарыхына карап калыптанат. Тарыхый-тарбиялык мааниси бар, трагедиялуу окуяларды эске салуу менен, алардын кайталанбашын көздөгөн “Тарых жана ата-бабаларды эскерүү” күнү бул жылы үчүнчү жолу расмий турдө белгиленет.

Мааниси миң жылдарга татыган эскерүү күндөрүнө арналган иш-чаралар өлкөбүздүн бардык аймактарында өткөрүлөт.