1941-жылдагы аскердик параддын 78-жылдагына карата, Москва шаарында аскердик жүрүш өткөрүлдү. Согуш башталган жылы, күчтүү армиянын бар экенин көрсөткөн парад, 2005-жылдан бери кайталанып өткөрүлүп келет. Тарыхка кайрылсак, Кызыл аянттагы 1941-жылдагы жүрүштөн Кызыл Армиянын катарындагы 28 миң аскер өткөн. Так ошол параддан түз эле согушка аттанып, Москвага 30 чакырым жакын жерде жүрүп жаткан кан майданга, аскерлер жөө агылган.
1941-жылдын 7-ноябрында Москванын Кызыл Аянтында өткөрүлгөн парад, негизги аскердик операцияны жүргүзгөндөй таасир калтырган. Параддын өтүшү - Москванын эч убакта, эч нерсеге багынбай турганын бүткүл дүйнөгө көрсөткөндөй, өлкөнүн да моралдык күчүн бекемдеген. Бул Улуу Ата мекендик согуш учурундагы эң алгачкы парад эле.
Аскерлер согушка дал ушул Кызыл аянттан жөнөп кеткен. Ата бабалардын баатырдыгы менен эрдигинин урматына, бүгүн аянттан ошол кездеги аскерлердин небере-чөбөрөлөрүнүн ишенимдүү кадамы жаңырды. Аянтта 3 миңден ашык аскер кызматкери менен аскердик окуу жайдын курсанттары салтанаттуу жүрүшкө чыкты.
7-ноябрда салтанаттуу жүрүш, Октябрь революциясынын урматына жыл сайын өткөрүлүп келген. Бирок, фашисттик Германиянын аскерлери Советтер Союзунун чек арасын бойлоп келе жаткан убакта, аскердик жүрүш өткөрүү оңой эмес эле. Аскердик парадды өткөрүү сунушу айтылганда, эч ким үн катпай, бир саамга өкүм сүргөн тынчтыктан кийин “ Албетте, сөзсүз өтүшү керек! Бул армияны күчтөп, духун көтөрөт” деген чечимге келишет.