Өлкөдө тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленди
Новость Султан Досалиев

Бабаларыбыз кылымдарды карыткан кыйын кезең жолдорду басып өтүп, бизге сыймык тартуулаган тарыхты мурастады. Акыркы жүз жылдагы окуяларды алсак, аталарыбыз Үркүндүн оор күндөрүн, Октябрь революциясынын оош-кыйышын башынан кечирди. Улуу мамлекеттик ишмерлерибиздин чечкиндүү эмгеги менен 1924-жылы Кара-Кыргыз автономиялык облусунун, ал эми 1936-жылы Кыргыз ССРинин түзүлүшү – тагдыр чечүүчү тарыхый окуялар болду. 

Бирок бул окуялардын баасы – өтө бийик, саясий репрессияда курман болгондордун өмүрү менен өлчөндү-деп айтылат Президенттин тарых жана бабаларды эскерүү күнүндөгү жалпы элге кайрылуусунда. Бул күнү Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Ата-Бейит мемориалдык комплексиндеги 1916-жылдагы үркүндө курман болгондорду эскерүү Мемориалына, саясий репрессиялардын курмандыктарынын Эстелик-мемориалына жана залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун мүрзөсүнө гүл койду.