Ысык-Көл облусунда ЕККУнун ишкердикти колдо борбору ачылды
Новость ktrk.kg www

POST1RIGHT

Ал аймактагы орто жана чакан ишкерлик менен алектенген жарандарга юридикалык, консалтинг кызматтарды жүргүзөт. Мындан сырткары аталган борбор ишкерлерге бизнесин өнүктүрүүдө ар кандай инновациялык жаңы технологияларды колдонуу, мамлекеттик жеке өнөктөштүк долбоорун ишке ашыруу боюнча кеңеш бермекчи. 

Эске салсак, аталган борбор өлкөнүн түндүк аймагында биринчи жолу ачылууда. Буга чейин буга окшогон борборлор Ош жана Жалал-Абад облустарында ишке кирип, ишкерликти колдоо боюнча өзүнүн мыкты натыйжаларын көрсөткөн.