Бишкекте президенттин катышуусунда донордук конференция өтөт
Новость www

POST1RIGHT

Кыргызстанда “Туруктуу өнүгүү үчүн реформаларды тездетүү” деп аталган жогорку деңгээлдеги донордук конференция өтөт. Ага Президент Сооронбай Жээнбеков катышат. 

Иш-чаранын максаты, эл аралык өнөктөштөр менен бирге өлкөнү өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын бирге талкуулап, негизги тапшырмаларды аныктоо. Анда, аймактарды өнүктүрүү, санарип маселеси, суу ресурстарын башкаруу, климаттын өзгөрүүсү, ошондой эле билим берүү, саламттыкты сактоо тармактарына көңүл бурулат.