Өзбекстанда мектептерден 200 метр алыстыкта алкоголь сатууга уруксат берилди
Новость

POST1RIGHT

Өзбекстанда билим берүү, спорттук жана диний мекемелерден 200 метр алыс аралыкта турган дүкөндөрдө алкоголь жана тамеки продукцияларын сатууга уруксат берилди. Буга чейин бул аралык 500 метр болчу.

Мыйзамга 14-ноябрда өзбек президенти Шавкат Мирзиёев кол койгон, документ 15-ноябрдан тарта күчүнө кирди.

Мындан тышкары жалпы аянты 1000 чарчы метрди түзгөн жарманке күркөлөрүндө, соода комплекстеринде жана базарларда да алкоголь менен тамеки продукцияларын сатууга уруксат берилди.