Кыргызстанда унаа тууралуу кеңири маалымат берүүчү «Carcheck» кызматы жигердүү иштеп жатат. “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын кызматкерлеринин айтымында, ушул жылдын 2-октябрынан бери 736 миң адам бул кызматты колдонгон. Эми жакынкы арада Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери да «Carcheck» кызматы аркылуу айыптарды түзө баштайт.
Айдоочулук менен алектенген Кадыр Чолпонкуловго жаңы унаа алууга «Carcheck» кызматы жардам берди. Унаанын тарыхын бул кызмат аркылуу алдын-ала билип алгандыктан эч тынчсызданбай туруп сатып алган.
Ыңгайлуу бул кызматты пайдалангандардын саны күндөн-күнгө көбөйүүдө. Бир жарым ай ичинде 736 миң адам колдонду. Башка өлкөлөрдү кошо эсептегенде, бул тиркеме аркылуу күнүнө 116 миң адам маалымат алат.
Санариптик технология адамзаттын жашоосуна өзгөрүүлөрдү алып келүү менен жарандарды жаңы мүмкүнчүлүктөргө ээ кылууда. Карчег, Мегапей сыяктуу түрдүү кызматтардын пайда болушу менен адамдарга жеңилдиктер түзүлүп, көп иштер уюлдук телефон аркылуу эле бүткөрүлүп калды.
Жылдын аягына чейин 189 мамлекеттик кызмат көрсөтүү электрондоштурулат. “Түндүк” аркылуу алмашылган ар бир маалымат автоматтык түрдө маалым кат, отчет катары сакталып, аларга кандайдыр бир өзгөртүү киргизилбейт. Мындай жол менен документ же маалым каттарды жасалмалап коюу деген түшүнүк жоюлат. Ошондой эле мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө адам факторлору жоюлуп, коррупциялык иштерге бөгөт болот.
Санариптештирүү иштеринин деңгээли көтөрүлгөн сайын адамдардын убактылары, ресурстары үнөмдөлүп, жеңилдиктер түзүлүүдө. Жакынкы арада 200 миң маалым кат кагаз жүзүндө алынбастан электрондук түрдө ишке ашырылды.
Электрондук кызмат көрсөтүүгө өтүү аракеттери аймактарда да талаптарга ылайык жүрүп жатат. Өзгөчө басым - сапаттуу интернет менен камсыз кылуу иштерине жасалууда. Жарандарга эле эмес, ишкер чөйрөгө да шарт түзүү жагы негизги маселе катары эске алынууда.