Тиешелүү буйрукту Транспорт жана жолдор министрлиги чыгарды. Ага ылайык, кар жааган учурда чиркегичи бар жүк ташуучу автомобилдердин дөңгөлөктөрүндө чынжыры жок жүрүүгө тыюу салынат.
Буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө «Ош-Сарыташ-Эркечтам», «Жалал-Абад – Балыкчы», «Бишкек-Балыкчы-Нарын-Торугарт», «Бишкек-Ош» жолдорунун башкармалыктарына, жүктү жана көлөмдү көзөмөлдөө агенттигине тапшырылды.
Ошондой эле көчкү түшүү коркунучу бар аймактарга алдын ала эскертүүчү белгилерди коюу милдеттендирилди.