Бир учурда үчтөн ашык бала төрөлсө, ар бир балага 50 миң сомдон төлөнөт
Новость www

POST1RIGHT

Мамлекет үй-бүлөдө бир учурда үч же андан ашык бала төрөлгөн шартта ар бир балага 50 миң сомдон бир жолку «балага сүйүнчү» жөлөк пулун берет. Бул жардам үй-бүлөлөргө эрте өнүгүү мезгилинде социалдык-экономикалык колдоо көрсөтүүгө багытталган. Чечим ушул жылдын 1-декабрынан тарта күчүнө кирет.

9-ноябрь күнү Токтобаевдердин үйү чоң кубанычка бөлөндү. Жубайы Айнура үч эм төрөп, эки кыз, бир уулдуу болушту. Ымыркайлар азырынча төрөт үйүндө, жакын арада үйүнө чыгарылат.

Үч эмден тышкары жубайлардын дагы эки баласы бар. Эми беш баланын атасы чоң үй-бүлөнү багуунун жолун издеши керек. Мындайда "Бала сүйүнчүнүн" көмөгү чоң.

Жаңы төрөлгөн ымыркайга мамлекет төрт мин сом сүйүнчү берет. Ал эми үй-бүлөдө бир учурда үч же андан ашык бала төрөлсө, ар бир балага 50 миң сомдон төлөнөт.

Ошондой эле ата-энелерге жардам ирээтинде ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчун жеке ассистент бөлүнөт. Ал оорукчан баланы багууга жардам берет. Мындай кесип ээсинин айлыгы жашоого керектүү өлчөмдү түзөт. Ошондой эле өмүр бою оорукчан баласын баккан энеге пенсияга чыгуу мүмкүнчүлүгү бар.