Реформанын алкагында прокуратуранын укук коргоочулук функциялары биринчи планга чыгуусу зарыл. Бул туурасында Президент Сооронбай Жээнбеков 22-ноябрда, Прокуратуранын 95 жылдыгына арналган иш-чарада айтты. Мамлекет башчысы белгилегендей, жарандардын укуктарын коргоо – прокуратура органдарынын түздөн-түз милдети.
2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген жаңы кодекстер жана мыйзамдар менен өлкө жаңы укуктук мейкиндикке киргенин айтып, Президент соттук-укуктук реформалардын ийгилиги прокуратура органдарынын ишине байланыштуу экенин белгиледи.
«Прокуратуранын иши жакшырмайынча, жалпы сот өндүрүшү да оңолбойт. Соттук - укуктук реформаны ишке ашыруу – соттордун же прокуратуралардын эле ведомстволук иши эмес. Бул жалпы мамлекеттик иш. Элибиз, коомчулук талап кылган маанилүү реформа», - деди Президент.
Ал коомдо мыйзамдуулук орноп, жарандын укугу кынтыксыз корголсо, реформа элдин колдоосуна ээ болорун кошумчалады. Прокуратуранын алдыда милдеттерин так аткаруусуна көңүл бурган мамлекет башчысы ушул эле иш-чарада прокуратура органдарынын бир катар кызматкерлерине сыйлыктарды, президенттин энчилүү сааттарын тапшырды.