2019-2020-жылдардын окуу планына ылайык, окуучулардын кышкы эс алуусу 30-декабрда башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Эс алуу 2020-жылдын 10-январына чейин уланат. Окуу жүктөмү беш күндүк жалпы билим берүү уюмдарында сабак дүйшөмбү, 13-январда башталса, мектеп-гимназияларында окуучулар 11-январь күнү окууга барышат.