Кыргызстандын сот системасына 95 жыл
Новость KTRK/videograp

Кыргызстандын сот системасынын 95 жылдыгы белгиленет. Мааракеге арналган иш-чара дүйшөмбү күнү өткөрүлөөрү күтүлүп жатат. Кылым карыткан сот тутумун реформалоо учурда мамлекет артыкчылык берген негизги багыттардын бири. Калк арасында судьяларга ишеним жогорулашы керек. Сот реформасы дал ушул максатка негизделген. Аны ишке ашыруу аз эмес убакытты талап кылат. Анткен менен негизги үч багыт боюнча натыйжа бар.

Жыл башында күчүнө кирген жаңы кылмыш-процессуалдык кодексте көп өзгөрүүлөр камтылган. Ал жарандардын укугу менен эркиндигин коргоого багытталды. Тергөө судьясынын ишмердүүлүгүнө ишеним артылууда. Бардык мамлекеттик органдар менен бирге сот тутумунун да ишин санариптештирүү тапшырмасы берилген. Автоматташтырылган маалымат системасы сот аткаруучулардын ишин жеңилдетип, документтерди колдонуу, маалымат алмашуу электрондук форматка өттү.