Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду аймактардагы ишкерлерди колдоого даяр
Новость www

POST1RIGHT

Өлкөдөгү финансы мекемелери аймактарды каржылоонун көлөмүн көбөйтүп, жеңилдетилген насыяларды берүүдө. Мунун бары аймактарды өнүктүрүү, региондордогу орто жана чакан бизнести колдоо, ишкерчиликти алдыга жылдыруу максатында ишке ашып жатат. 

Быйыл Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду 4 млрд сомго жакын суммага, төрт жүзгө жакын ири долбоорду каржылады. Бул 2018-жылга салыштырмалуу эки эсеге көп. Насыялардын 60 пайыздан ашыгы өлкөнүн аймактарына багытталган.