Жээнбеков Дубайдын Соода-өнөр жай палатасынын Директорлор кеңешинин төрагасы менен жолугушту
Новость KTRK/videograp

Президент Сооронбай Жээнбеков Дубайдын Соода-өнөр жай палатасынын Директорлор кеңешинин төрагасы Мажид Саиф Аль-Гурейр менен жолугушту. Эки өлкөнүн ишкерлер чөйрөсүнүн ортосундагы кызматташтыкты өркүндөтүү боюнча чаралар тууралуу пикир алмашуу болду. 

Президент кыргыз-эмират кызматташтыгын бекемдөө үчүн соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү керектигин белгиледи. Мамлекет башчы өлкөлөрдүн пайдаланылбай жаткан экономикалык чоң мүмкүнчүлүктөрүнө токтолду. Дубайдын Соода-өнөр жай палатасынын аянтчасында Кыргызстан жана Бириккен Араб Эмираттарынын кызыкчылыгына жооп берген стратегиялык багыттарга көңүл бурууну сунуштады.