"Коопсуз шаар" долбоорунун экинчи фазасы үчүн видео жабдуулар декабрдын соңунда же жаңы жылдын башында сыноодон өтөт. Бул тууралуу Маалымат технологиялары жана байланыш боюнча мамлекеттик комитет кабарлады. Тендерде жеңишке ээ болгон компания өлкө аймактарында видео жабдууларды орнотуп, жол кыймылын көзөмөлгө алууну ишке ашырат.