Коррупция менен күрөштөн түшкөн акчага мектептер курулат
Новость www

POST1RIGHT

Жемкорлук менен күрөштөн чогулган акчага салынып жаткан Сокулук районунун Орок айылындагы орто мектептин кошумча корпусунун имаратынын курулушу дээрлик 50 пайызга аяктап калды. 

Коррупция менен күрөштөн түшкөн каражатка мектеп тартышы күч болгон Бишкек шаарына, Чүй облусуна жана Ош шаарынын аймагына жалпысынан 15 билим уясынын кошумча имаратын куруу мерчемделген болчу. Учурда айрым мектептерде курулуш иштери жүрүп жатса, кээ биринин долбоору даярдалып, тендердик сынактары жарыяланды.