Патрулдук милиция иштеген райондо кылмыштуулуктун көрсөткүчү кыскарды
Новость

Жаңы жылдан баштап Бишкек шаарындагы патрулдук милициянын курамы 235 курсант менен толукталат. Буга чейин патрулдук милиция ордо калаанын Биринчи Май жана Свердлов райондорунда кызмат өтөп келишсе, эми калган эки райондо жаңы кызмат өз ишмердүүлүгүн баштайт.

Бишкек шаардык милициянын башчысы Канат Жумагазыев патрулдук милиция иштеген райондо кылмыштуулук 20-30 пайызга кыскарганын маалымат жыйынында белгиледи. 

Кадыр Калилов, "Биринчи радио"