12-15-декабрда Москва шаарында (Россия Федерациясы) Көз Карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин (КМШ) мамлекеттеринин жаштар уюмдарынын бешинчи Форуму болуп өттү. Бул тууралуу спорт агенттигинен кабарлашты.
Форумга федералдык, республикалык, аймактык 50 жаштар уюмдарынын өкүлдөрү, жаштар уюмдарынын лидерлери жана Азербайжан, Армения, Белорусия, Казахстан, Кыргызстан, Молдавия, Россия, Таджикистан жана Өзбекистан мамлекеттеринин жаштар долбоорлордун жетекчилери катышты.
“2015-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун саммитинде дүйнө лидерлери тарабынан кабыл алынган 2030-жылга чейин туруктуу өнүктүрүү боюнча программасын ишке ашыруу” долбоорун талкулоо негизги суроолордун бири болду. Форумда КМШ мейкиндигинде жаштар саясаты боюнча эл аралык жана аймактык аралык кызматташууга каралган долбоорлор көрсөтүлдү.
Форумдун программасында “КМШ мейкиндигинде туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарына жетишүүдө жаштардын ролу”, “Санариптик тартибинде жаштардын ролу” жана 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушту жеңишинин 75-жылдыгына арналган “КМШ мамлекеттеринин элдеринин мурасын сактоо жана көбөйтүү” деген темада талкулоо аянтчалары каралды.
Форумдун алкагында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин Кыргызстандагы БУУ системасы менен биргеликте ишке ашырып жаткан “Туруктуу өнүгүүнүн максаттарынынын жаштар өкүлдөрү” долбоорун “КМШ мейкиндигинде туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарына жетишүүдө жаштардын ролу” тематикалык секциясында чакырылган эксперттердин катышуусунда, Кыргыз Республикасынын БУУдагы жаштар делегаты Акылай Батырбекова тааныштырды. Өзүнүн сөзүндө, беделдүү жаштардын демилгелеринин маанилүүлүгүн, жаш муундун глобалдык процесстерге катышуусун жана Кыргыз Республикасында прогрессивдүү жаштардын өнүгүшүнө аянтчаларды жана мүмкүнчүлүктөрдү куруп берүүдөө жылыштыктар бар экендигин белгилеп кетти.
Форумдун аянтчасы өлкөлөрдүн өз ара түшүнүшүүсүнө жана достук мамилелерди бекемдөөгө, чыгармачылык жана билим жаатындагы жөндөмдүүлүктү өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берет.