Быйыл өлкө боюнча 335 чакырым жолго асфальт төшөлдү
Новость КТРК

Акы алынчу жолдор менен туннель куруу. Транспорт жана жолдор министрлиги беш жылда өзүнүн алдына койгон амбициялуу тапшырмалардын бири. Жолчулар долбоорлорду мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жолу аркылуу ишке ашыруу ниетинде. Бирок мунун баары келечекте жасалчу жумуштар. Ал эми быйыл кандай жумуштар аткарылды, эмне жетишкендиктер бар, тийиштүү тармак жыл жыйынтыгын чыгарды.

Быйыл өлкө боюнча 335 чакырымга асфальт төшөлгөн. Андан тышкары 200 чакырымга жакын аралыкта бодурлоо иштери жүргүзүлгөн. Кара шагыл жаткырылган жер 22 чакырымга жетет. Ал эми шагылдын өзү 111 чакырымга басылган. Жалпы 7 көпүрө курулган.

Жолдор министрлиги быйыл алдыга коюлган план 110 пайызга аткарылды деп ишендирүүдө. Жумуштун үчтөн эки бөлүгү бюджеттин эсебинен жасалып, жалпы үч миллиард 800 миллион сом каралган. Бул капиталдык салымды кошо эсепке алганда. Каражат эл аралык донорлордон дагы тартылган. Ар бир райондо 3 чакырымдан жол салынган. Бул жалпы 140 чакырым ички жолго асфальт жаткырылды дегенге жатат.

Жолду тейлеген министрликтин алдына чоң максаттары бар. Анын бири акы алынчу жол салуу. Ошондой эле акы төлөнчү тоннелдин курулушу дагы каралууда. Бул долбоорлор алдыдагы беш жылга белгиленген. Аларды мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жолу менен ишке ашыруу каралган.