POST1RIGHT
Бул кыш да ошондой эле көрүнүш менен башталды. Интернет желесинде жарандар тартып алган видео-фото сүрөттөрдү жүктөп, өкмөттөн бул көйгөйдү чечип берүүсүн өтүнүшүүдө. Абанын булганышы боюнча тиешелүү түзүмдөр тарабынан кандай чаралар көрүлүүдө?
Аба ырайы өзгөргөндөй эле абанын сапаты да күн санап өзгөрүп, атүгүл саат сайын курамы алмашуусу мүмкүн. Абанын булгануу деңгээли сутканын маалына жана убактысына жараша болот - дешет адистер. Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин маалыматы боюнча, борбор калаада бүгүн аба таза.
Адистер белгилегендей, булгоонун негизги себептери - автотранспорттон, жылуулук электр борборуунан, буу казандарынан жана жеке турак жайлардан чыккан түтүндөр. Ушуга байланыштуу шаардын мэриясы тиешелүү органдар менен бирдикте бир катар чараларды көрүп жаткан чагы.