POST1RIGHT
Президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында балдар үчүн салттуу жаңы жылдык балаты өттү. Майрамдык иш-чарага мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков жубайы Айгүл Токоева менен чогуу келди.
Президенттин атынан өткөрүлгөн жаңы жылдык балатыга өлкөнүн бардык аймактарынан мектеп курагындагы миңден ашуун окуучу чакырылган. Алардын арасында - окуунун мыктылары, олимпиадалардын, эл аралык сынактардын жана мелдештердин жеңүүчүлөрү, балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар бар. Жаңы жылдык балаты балдардын концерттик программасы менен коштолуп, ал санариптештирүү темасына арналды. Бөбөктөрдү келе жаткан жаңы жылы менен куттуктаган мамлекет башчы, өлкө келечеги балдардын колунда экенин өзгөчө белгилеп, жеткинчектерди талыкпай, татыктуу билим алууга чакырды.