Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн аскерлерине жана Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлерине жаңы кызматтык батирлер берилди. Жаңы конуштун ачкычын Президент Сооронбай Жээнбеков тапшырып, кызматкерлерди куттуктады. Өлкө башчысынын катышуусу менен жаңы турак жайлардын ачылышы Бишкек шаарынын 12-кичи районунда жана Чүй областынын Молдовановка айылында болуп өттү. 
Президент Жаңы жылдын астында болуп жаткан иш-чара символикалуу экендигин, аскер кызматкерлеринин социалдык абалын жакшыртууга мындан ары да өзгөчө көңүл буруларын белгиледи. Мекенге кызмат кылууга бекем туруп, чын ниети менен кызмат кылгандыктары үчүн ыраазычылык билдирди. 
Президент Сооронбай Жээнбеков ар бир үйгө 200 миң сомдук сертификаттарды тапшырып, аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрү менен баарлашып, аларды келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктады жана чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт каалады. 2019-жылы Куралдуу күчтөрдүн аскер кызматчылары жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн 265 батирлүү 9 үй курулган.