Куралдуу күчтөрдүн жана ЖАМК аскер кызматкерлери батирлеринин ачкычтарын алышты
Новость КТРК

POST1RIGHT

Жаңы жылга жагымдуу белек! Бүгүн өлкө башчысы Куралдуу күчтөрдүн аскер кызматындагыларга жана Өкмөткө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлерине батирлердин ачкычын тапшырды. Бишкек шаарынын 12-кичирайонунда жаңы курулган 9 кабаттуу үйдөн 81 батир куралдуу күчтөрдүн аскер кызматкерлерине берилди. Бауржан Нукешов жазаларды аткаруу тармагында 16 жылдан бери иштеп келет. Буга чейин Бишкек шаарындагы Ак-Ордо конушунда батирде жашаган. Үй менен жумуштун ортосу абдан алыс болгондуктан, жол азабы бир топ эле кыйначу. Эми иштеген жерине жакын жерден кызматтык батир берилди.

Нукешовдордун үй-бүлөсүнө 2 бөлмөлүү батирдин ачкычы тапшырылды. Ак өргөлүү болгон үй кожойкесинин кубанычында да чек жок. Жубайлар учурда 5 баланы тарбиялап жатышат. Жыл жаңырар алдындагы кубанычтуу жаңылык Идиросивдордун үй бүлөсүнө да баш бакты. Жазаларды аткаруу кызматынын опер кызматкери Тимур Идирисовго 1 бөлмөлүү батир берилди. Жаш экенине карабай татыктуу кызматынын үзүрүн көрүп отурат. Бул тармакта иштеп жатканына жакында беш жыл толот. 

Чүй облусунун Аламүдүн районунун Молдовановка айылындагы 3 кабаттуу үйдүн батирлеринин ачкычы бүгүн ээлерине берилди. Иш-чарага өлкө башчысы жана тармактын жетекчилери катышты. Президент аны менен бирге үйдүн астын жашылдандырууга же балдар ойной турган аянтча курууга деп 200 миң сомдук сертификатты ыйгарды. Белгилей кетсек жазаларды аткаруу тармагында иштегендерге буга чейин 3 үй курулган. Бул колдонууга берилген төртүнчү үй. Мирбек Исмаилов Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүндө 25 жылдан бери эмгектенип келет. Бул жылдар аралыгындагы экономикалык каатчылыкты эске алганда аскер кызматкерлери каралбай калган. Айлыктын аздыгына карабай Ата Мекен алдындагы кызматын ак аткарып, чейрек кылымдан бери өлкө коопсуздугу үчүн күжүрмөн иштеди. Ак эмгектин акыбети кайтып ак өргөлүү болуп отурат. 

Бишкек шаарынын 12-микрорайонунда жайгашкан тогуз кабаттуу үйдөгү 81 батир Куралдуу күчтөрдүн аскер кызматкерлерине берилди. Батирдин ачкычтарын өлкө башчысы тапшырды. Президент аскер кызматкерлерин кубанычтуу окуя менен куттуктап, алардын социалдык абалын жакшыртууга мындан ары да өзгөчө көңүл буруларын айтты. Мекенге кызмат кылууга бекем туруп, чын ниети менен берген антын аткаргандыктары үчүн ыраазычылык билдирди. Президент аскер кызматкерлеринин үй-бүлөлөрү менен баарлашып, аларды келе жаткан жаңы жылы менен куттуктады жана чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт каалады.

Аскер кызматкерлерин турак жай менен камсыздоого, материалдык жана техникалык базаны чыңдоого акыркы жылдары өзгөчө көңүл бурулууда. Өлкө коопсуздугун, мамлекеттин бүтүндүгүн, чек аранын бекемдигин күзөткөн аскер адамдарын үй менен камсыздоо дагы да уланат. Узап бара жаткан 2019-жылда жалпы эле куралдуу күчтөрдүн аскер кызматындагылар жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн 265 батирлүү 9 үй курулган. 