POST1RIGHT
2020-жыл Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо Жылы деп жарыяланды. Бул тууралуу Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды жаңы жыл менен куттуктоосунда билдирди.
Президент алгач 2019-жылы өлкөдө атарылган бир катар алгылыктуу иштерге токтолду. Анын айтымында, Бишкек дүйнөлүк маанидеги иш чаралардын борбору болду. Кыргызстаныбыздын эл аралык аброю бекемделди. Эки жыл бою аймактарга астейдил көңүл бурулду. 2019-жылы калкка кызмат көрсөткөн баардык мамлекеттик органдарды санариптештирүү башталды. Мамлекет башчы бул багыттагы иштер 2020-жылы да улана турганын айтты.
«Биз алган жолубуздан кайтпайбыз. Өлкөнү туташ санариптештирүүнү улантабыз.Урматтуу мекендештерим, ар бир адам үчүн бала - жашоонун маңызы. Ар бир ата-эне бала үчүн баардыгын жасоого даяр. Ошентсе да, балдарыбыз мамлекеттин колдоосуна дайыма муктаж. Айрыкча, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, жетим жана кароосуз калган балдарга камкордук көрүшүбүз зарыл.Ушул максатта 2020-жылды Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо Жылы деп жарыялоону чечтим»,- деди президент.
Балдардын дени сак, билими терең, коопсуздугу бекем болуусу - көңүл борборундагы маселе экенин айткан өлкө башчы, мамлекет балдарга карата камкордугун күчөтүп, артыкчылыктуу багыт катары аныктай турганын баса белгиледи.