POST1RIGHT
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кыргызстандыктарды Жаңы жыл менен өкмөттүн жана жеке өзүнүн атынан куттуктады. Өтүп кеткен 2019-жыл кыйла мазмундуу жана үзүрлүү болгонун белгилеген өкмөт башчы, былтыр өкмөт тарабынан экономиканы өстүрүүгө, инвестиция тартууга, бизнес жүргүзүү шарттарын жакшыртууга жана жарандардын бакубатчылыгын жогорулатууга багытталган бир катар чаралар көрүлгөнүн айтты.
"Быйылкы жылда социалдык маселелерди чечүү, пенсиялардын, социалдык жөлөкпулдардын жана айлык акылардын өлчөмүн пландуу түрдө көбөйтүү менен ата мекендик экономиканы өстүрүү максатында дагы көп иштерди жасашыбыз керек. Биз биримдикте бардык кыйынчылыктарды жеңебиз деп ишенем. Жаңы жыл - бул керемет жана сыйкырдуу майрам, мында ар бир адам жакшылыкка жана жаркын нерселерге үмүт кылып, бардык аруу тилектердин ишке ашуусуна тилектешмин! Мына ушул жагымдуу майрам күнү бардыгыңыздарга бекем ден соолук, ачык асман, үй-бүлөдөгү бакубатчылык, жетишкендик жана ийгиликтерди каалайм”- деп айтылат өкмөт башчынын куттуктоосунда.