Кыргызстанга 2019-жылы чет жактан 319 кыргыз жаранынын сөөгү келди
Новость www

POST1RIGHT  Москвада киши колдуу болгон кыргызстандык жигиттин сөөгү жакынкы күндөрү үйүнө жөнөтүлөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, иш тергеле баштады, азырынча моргдогу документтер бүтпөй жатат.

25 жаштагы Адилет Байсабаев 31-декабрда бычак жеп каза болгон. Маркумдун артында эки кичинекей кызы калды. Алар Кыргызстанда чоң апасынын колунда.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, 2019-жылы чет жактан 319 кыргыз жаранынын сөөгү келген.

Орусиядан 231, Казакстандан 22, Өзбекстандан 15, Түркиядан 18, Индиядан тогуз «Жүк-200» келген.