POST1RIGHT
Бул тууралуу Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин маалымат кызматы билдирди.Маалыматка ылайык, 10-январда кечинде Кыргыз Мамлекеттик Агрардык университетинин Ветеринардык клиникасында илбирске операция жасалып, анын башына тийген чачма октун 18 калдыгын алып чыгышкан.
Илбирстин абалы оңолгон соң дагы бир операция жасалып, башындагы калган бытыралар алынмакчы. Учурда ак илбирске аңчылык кылып, ок аткан адамдарды укук коргоо органдары издеп жатат.Буга чейин Интернетте Таластагы Көк-Ой айылында бактын башына чыгып кеткен ак илбирсти жергиликтүү тургундар кармап жаткан видео тараган. Анда ак илбирс жарадар болушу мүмкүн экени айтылган. Ал 10-январда Бишкекке алып келинип, Ветеринардык клиникага жайгаштырылган.