Таластагы ак илбирске мыйзамсыз аңчылык кылгандарга кылмыш иши козголду
Новость ktrk.kg

POST1RIGHT

Эми алар 1 жарым миллион сом айып төлөйт же 5 жылга эркинен ажыратылат. Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин адистеринин маалыматына караганда, бүгүнкү күндө Кыргызстан боюнча ак илбирстин божомолдуу саны 300дөн ашык. Таш боорлордун колунан жаракар алган, эки жашты чамалап калган ак илбирстин абалы учурда канааттандыраарлык. Башы катуу жабыркап, бир көзү көрбөй калган, экинчисине да доо кеткен. 

Адистердин айтымында, жаныбардын баалуу терисин алууну көздөгөндөр, аны атайын башка аткан. Октун майда болушу анын аман калышына себеп болгон. Рентгенге түшүрүлгөндө башында 70 майда ок болгондугу аныкталган. Операция жолу менен жалпы 18 ок алынды. Калгандарын алып салуу, азырынча кооптуу. Кыргыздар үчүн эзелтен ыйык жаныбар катары сыпатталып, баатырлардын колдоочусу болгон ак илбирстин 80 пайызы аңчылардын колунан ажал табат.

Австралияда төрт айдан бери токтобой жаткан тилсиз жоонун айынан жарым миллиарддан ашык жаныбар жок болду. Бул дүйнө коомчулугун ойго салды. Ал го табигый кырсыктын айынан, ал эми ансыз да аз калган жаныбарларды баалабагандар көп болууда деп кейишет адистер. Ак илбирс өткөн кылымдын 80-жылдарына чейин өлкөнүн тоолуу аймактарынын бир топ жеринде кездешсе, акыркы жылдары анын саны эки эсеге кыскарып, Нарын, Ысык-Көл, акыркы маалыматтар боюнча Алай тоолорунда да гана кездешет. Бүгүнкү күндө 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча, ак илбирстин өлкөдө болгону 300дөн ашык түрү калган. 

Мыйзамсыз жол менен ак илбирске аңчылык кылгандарга кылмыш иши козголду. Жарадар болгон жаш илбирс “Бугу-Эне” коомдук фондунун реаблитациялык борборуна жөнөтүлсө, Нарын жергесинен кармалып келинген ургаачы илбирс Германиянын жаратылышты коргоо бирикмесинин Ысык-Көл облусунун Ананьев айылындагы реабилитациялык борборуна жеткирилди. Бирине Жаабарс, бирине Акмөөр деген ат берилди.