Бишкек шаарында үй жаныбарларын багуу боюнча токтомго өзгөртүүлөр кирди. Ага ылайык борбор калаада иш мышыктарды үйдө багуу жана аларды сырткы чыгарууда айрым эрежелер сакталыш керек. Ошондой эле токтомго үй жандыктарды багуу боюнча айрым чектөөлөр киргизилди.
Учурда документ даярдалып коомдук талкууга коюулду. Мал жандыктарды үйдө кармаган шаар тургундары бул токтом менен таанышып кошумча алымчаларын айтса болот. Ал жакында Бишкек шаардык мэриясынын сайтына илинет.
Бегайым Абдыкадырова, "Биринчи радио"