Өткөн жылы президент Сооронбай Жээнбековго 15 миң 305 киши кайрылган. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады. Билдирүүгө ылайык, президенттик аппаратка 11 миң 349 адам жазуу түрүндө кайрылса, коомдук кабылдамалар 1 миң 931 кишини кабыл алган. Ал эми "ишеним телефондоруна" жана кызматтык телефон аркылуу кайрылгандардын саны 1 миң 181ди түздү.
Мындан тышкары, 620 адам маалыматтык-укуктук кеңеш жана кеңеш алып кеткен. "Кат менен кайрылгандардын көбү Бишкектен болду. Андан кийин Чүй облусу, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Ош облусу, Ош шаары, Нарын, Баткен, Талас облусу турат. КМШ жана башка өлкөлөрдөн 290 кайрылуу келип түшкөн", — деп айтылат маалыматта. Кайрылуулардын көпчүлүгү сот жана укук коргоо органдарынын ишине байланыштуу экени белгилүү болду.