Кайыңды шаарына жаңы бейтапкана курулат
Новость KTRK/videograp

Кайыңды шаарында жаңы бейтапкана куруу иштери жакында башталат. Маалыматка ылайык, курулуш иштерине байланыштуу тиелешүү документтерге кол коюлду.

Буга чейин Вознесеновка айыл өкмөтүндө 30 млн сомго оорукана курулуп, Фрунзе айыл өкмөтүндө дагы курулуш иштери башталган. Ал эми Кайыңдыда курулуш иштерин февралда күн жылыган учурда баштоо пландалууда. Жаңы клиника Өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин каражатына курулат. 

Эскерте кетсек, Кайыңдынын бейтапканасында узак жылдардан бери капиталдык ремонт иштери жүргүзүлгөн эмес.