Коронавирустан коргонуу боюнча өкмөт бардык тиешелүү чараларды көрдү
Новость www

POST1RIGHT

Бул туурасында министрлер кабинетинин бүгүнкү жыйынында айтылды. Чек ара өткөрмө жайларында жана Бишкек, Ош аэропортторунда санитардык-карантиндик пункттар уюштурулду. Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдө абал кооптуу эмес экенин, бирок дары-дармектер, бет каптар даярдалганын билдирүүдө.

Коронавирус жуктурган учур Кыргызстанда да катталды деген маалыматтар социалдык түйүндөр аркылуу тарап жатат. Бирок саламаттык сактоо министрлиги бул айтылгандарды төгүндөдү. Өкмөттүн жаңы жылдагы алгачкы кеңейтилген отурумунда дал ушул маселе биринчи болуп каралды. Тиешелүү мекемелерге вирустан коргонуу чараларын көрүү тапшырылган. 

Кыргызстанда кооптуу абал жок делгени менен ар кандай кырдаалга даяр болуу керек. Саламаттык сактоо министрлиги дары-дармектерди камдоодо. Учурда 3 жарым миллиондой беткап даяр. Мекеме өлкө жарандарына бир катар сунуштарды берип жатат. 

Коронавирустун жаңы түрүн жуктурган алгачкы учур катталган Ухань шаарында элүүдөй кыргызстандык жашайт. Көпчүлүгү студенттер болгондуктан, кооптуу абал жаралганга чейин кышкы эс алуу мезгилине байланыштуу калаадан чыгып кетишкен. Учурда кооптуу кырдаал жаралган шаарда 15 мекендешибиз бар. Алардын ден соолугуна коркунуч жок экенин адистер билдиришет. 

Кытайдын өзүндөгү абалга кайрыла турган болсок, 27-январга карата жаңы вирустан сексенден ашуун адам көз жумганы кабарланды. Жалпысынан 2800дөй киши ооруну жуктурган. Коронавируска каршы вакцина чыга элек. Бирок илдетке кабылган элүүдөй адам сакайганы белгилүү болду.