Ленинград курчоосунда калгандар эскерилди
Новость www

POST1RIGHT

Бүгүн Ленинград толугу менен фашисттик курчоодон бошотулган күн. Буга байланыштуу Бишкектеги Дайыр Асанов атындагы сейил бактагы Ленинград блокадачыларынын эстелигинин жанында митинг-реквиемге Президент Сооронбай Жээнбеков катышты. 

Мамлекет башчысы Ленинград курчоодон бошотулган күн - бул Ленинграддын жашоочуларынын гана эмес, Советтер Союзунун бардык адамдарынын Улуу Жеңишке ишенимин бекемдеген күн экенин билдирди. Мамлекет башчы Ленинград курчоосунда калгандардын бекем эркин, эрдигин жана каармандыгын жогору баалай турганын белгиледи.