Коронавирус: абал көзөмөлдө
Новость www

POST1RIGHT

Кооптуу илдетке байланыштуу жагдайды көзөмөлдөө боюнча Ошто да ыкчам штаб иштеп жатат. Кошумча санитардык-карантиндик пункттар ачылып, "Ош" аба майданында жүргүнчүлөр дене табын өлчөөчү жабдыктын негизинде тыкыр текшерүүдөн өтүүдө.

Коронавируска байланыштуу мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин түштүк аймактык бөлүмүнүн адистери күчөтүлгөн тартипке өттү. Оорунун белгилерин өз убагында аныктоо максатында Ош аба майданында дарыгерлер жүргүнчүлөрдү учактан түшөөрү менен текшерүүгө алышууда. Бул үчүн алар, көтөрүп жүрүүгө ыңгайлашкан дене табын өлчөгүчтөрдү колдонушууда. 

Сырттан келүүчү жүргүнчүлөр көп катталган аймактын дагы бири - чек ара бекеттери. Тепловизордун жардамы менен коңшу өлкө аркылуу транзит менен келген өлкөлөрдөн келгендер тыкыр текшерилүүдө. 

Мындай жайдан Ош, Жалал-Абал, Баткен облустарында жалпы 12 пункт бар. Вирусту алып келүүгө жол бербөө аракетинин негизинде кошумча 4 санитардык-карантиндик пункт ачылды. Дагы экөөнү ачуу мерчемделүүдө. Тепловизор менен учурда 12 бөлүмдүн жетөө камсыздалган. 

Зарыл болгон учурда, изолятор менен кошумча орундар Ош облустук ооруканада да даярдалды. Дарыгерлер үчүн коргоочу каражаттар сатылып алынды . Үй -бүлөлүк дарыгерлер борборлоруна оорунун алдын-алуу боюнча калк арасына түшүндүрүү иштерди күчтөндүрүү милдеттендирилген. Буга чейин, социалдык тармактарда “Ошто да вирус менен катталыптыр”, - деген маалымат калп экенин адистер айтышат.

Коронавируска байланыштуу жагдайды көзөмөлдөө боюнча Ошто да курамына саламаттык сактоо министирлигинин жана бир катар тийиштүү мамлекеттик органдардын адистери кирген ыкчам штаб түзүлдү. Билим берүү мекемелеринде өздүк гигиенаны сактоо боюнча түшүндүрүү, алдын-алуу иштерин күчтөнтүү тапшырмалары берилди.